В
Все
Х
Химия
В
Видео-ответы
А
Алгебра
Г
Геометрия
О
ОБЖ
Д
Другие предметы
У
Українська література
Р
Русский язык
Б
Беларуская мова
У
Українська мова
Э
Экономика
Ф
Физика
М
Математика
Ф
Французский язык
Г
География
И
Информатика
М
МХК
О
Окружающий мир
П
Психология
Н
Немецкий язык
О
Обществознание
П
Право
И
История
М
Музыка
Л
Литература
Қ
Қазақ тiлi
Б
Биология
А
Английский язык
Alllexxxsss
Alllexxxsss
23.08.2021 11:06 •  Другие предметы

Калыгул эмне учун нускоочу акын?​

Ответ:
maksimtihonov34
maksimtihonov34
01.04.2021 15:13

Объяснение:

Нускоочу, ойчул акын Калыгул 1785-жылы Ысык-Көлдүн күңгөйүнүн Карой-Сарой деген жеринде Бай аттуу оокаттуу, төрт түлүгү түгөл адамдын үй-бүлөсүндө туулат. Ал атасынан калган оокатка ээ болуп, өмөрү өткөнчө эч нерседен кор болгон эмес. Калыгулдун чоң атасы, чоң энеси, алардын бир туугандары жөнүндө маалыматтар жок, бирок Калыгулдун өзүнөн тараган укум-тукуму бар.

Калыгул бизге белгилүү кыргыз сөз кыргыз сөз устаттарынын алгачкыларынын өкүлү. Ага чейин жашап, эл арасына ырлары кеңири тараган акындар жөнүндө маалыматтар жокко эсе. Ошондуктан аны кыргыз акындарынын ичинен жашы боюнча гана эмес, адабий тажрыйбасы жагынан да аксакал катары кароого болот. Ал айткандарын жалпы жонунан "Акыр заман" сөздөрү деп атаган. Калыгулдан кийин ушул темага кайрылгандар аны тереңдетип гана отурушкан.

Калыгул тамсилчи, маселчи акын катары элге эр жеткен кезинен эле тааныла баштайт. Ал көпчүлүк акындардай комузун күүлөп, үн кошуп ырдабастан, алдына келген адамдарга макалдатып айтып берген. Акындын ырлары эл арасына кеңири тараганы менен, алар бизге толугу менен жеткен жок. Колубуздагы анын "Акыр заман", "Калыгулдун сөзү", "Ысык-Көл тууралуу айтканы", "Терме, санат ырлары" эл оозунан кийинчерээк жыйналып алынгандыктан, алымча-кошумчалардан куру болбосо керек.

Калыгулдун ырларында акыр заман идеясы көбүрөөк орун ээлесе да, санат, насыят, адамдын жүрүм-турумун сындаган, жаштарды адептүүлүккө чакырган саптары да арбын. Албетте, Калыгул феодалдык турмуштун идеологу катары анын салт-санаасын, жорук-жосундарын мактоодон тышкары боло алган эмес.

Эгер коом, элдин ага болгон мамилеси өзгөрүлө баштаса, анда замана Калыгул үчүн таптакыр бузулчудай көрүнгөн.

Калыгул 1855-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Суу деген жеринде 70 жаш курагында дүйнөдөн кайтат. Сөөгү азыркы Ысык-Көл районунун Кара-Ой деген (азыркы Долинка) жерине коюлган.

0,0(0 оценок)
Популярные вопросы: Другие предметы
Полный доступ
Позволит учиться лучше и быстрее. Неограниченный доступ к базе и ответам от экспертов и ai-bota Оформи подписку
logo
Начни делиться знаниями
Вход Регистрация
Что ты хочешь узнать?